ОшТУда “Тазалык” акциясы болуп өттү

Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттери “Тазалык университет үчүн, университет биз үчүн!” урааны менен окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты. Студенттер окуу жайдын айланасын тазалашып, тазалоодон топтолгон таштандыларды, таштанды таштоочу жайга жеткиришти. Натыйжада көптөгөн жерлер күзгү жалбырактардан тазаланды. ОшТУнун студенттери шаарыбыздын тазалыгына, көрктүүлүгүнө кичине болсо да өз салымын кошту десек болот. Ишембилик Жаштар комитетинин демилгеси менен өткөрүлдү.