ОшТУнун окутуучусу тажрыйба алмашуу сапарында

Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы, айыл чарба илимдеринин доктору, ОшТУнун профессору Танаков Нурланбек Токтогулович Казахстан Республикасындагы Алматы шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азиядагы жеке сектор менен билим берүү мекемелеринин кызматташтыгы” аттуу эл аралык конференцияга катышууда.

Аталган конференцияга Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан республикаларынан жогорку окуу жайлар, эл аралык эксперттер жана ишкерлер катышып, өз ишмердүүлүктөрү боюнча маалымат берип, баяндама жасашууда. Конференция тажрыйба алмашуу жана бирдиктүү иш планды иштеп чыгуу максатында уюштурулуп, жеке сектор менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы туруктуу кызматташуу тууралуу маселелер талкууланды.