ОшТУнун студенттери “Боорукердик үйүнө” кайрымдуулук жасашты

Ош шаарындагы “Боорукердик үйү” шаардагы жана алыскы аймактардан келген кароосуз калган жаш балдарды, кароого муктаж болгон карыларды өзүнө кабыл алып, коомго аралаштырып жашоосуна өз көмөгүн берип келет. Бул жайда ар кайсы курактагы жаш балдар менен карылар чогуу жашашат. Аталган үй-интернатына Ош технологиялык университетинин студенттери барып, кайрымдуулук иштерин жасап келишти. Бул иш-чара биздин студенттердин арасында салтка айланып, бир канча жылдан бери улантылып келет. Студенттер ал жердин жашоочуларынан кабар алышып, күз айларындагы тазалоо иштерине катышып, мекеменин айланасындагы бейтарап жаткан ашыкча нерселерди жыйнап беришти. Университет бул багытта көп иштерди жасап келе жатат. Башка бирөөлөргө жардам берип, кайрымдуулук иштерди жасоону адат кылып алган биздин студенттер колдорунан келишинче аракеттерди көрүшүп, шаардын башка дагы ушул сыяктуу мекемелерине жардам берип келишет. Бул сыктуу коомдун аярлуу катмарына өзгөчө мамиле кылып, аларды дагы коомдун татыктуу мүчөсү кылып калыптандырууда жаштарыбыздын бул аракеттерине “Боорукердик үйүнүн” жетекчилиги ыраазычылык айтты.