ОшТУнун окутуучусу Б.М. Кадырбердиева эл аралык тренингде баяндама жасады

Эразмус + 2019-1-PL01-KA107-064813 долбооруна ылайык (студенттер менен мугалимдердин мобилдүүлүгү), Польшанын Гливице шаарындагы Силезия технологиялык университетинде тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Кадырбердиева Бусалима онлайн катышып, “Кызматкерлерди окутуу жумалыгы” (Staff Training Week), “Маданияттар аралык байланыш” (Cross culture Communication) аттуу темада баяндама жасады.

Тренингде COVID-19 контекстинде окутуу усулдарынын көйгөйлөрүн, студенттердин виртуалдык баарлашуусун талкуулашты.