ОшТУнун окутуучулары эл аралык конференцияга катышууда

BOOST эл аралык проектинин алкагында Ош технологиялык университетинин “Электр менен жабдуу” кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты Ташиев Нургазы Мамазакирович жана аталган адистиктин бүтүрүүчүсү, М-Магнат ЖЧК ишканасынын директору Усаров Кубаныч жана окутуучулар Өзбекстан республикасынын Наманган шаарында өтүп жаткан “Жаңы демилге, жаңы өнөктөштөр, жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык конференцияга катышууда.

Аталган конференцияга Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан республикаларынан  орто жана кичи бизнес өкүлдөрү, жогорку окуу жайлары, эл аралык эксперттер, ишкерлер жана башка тармактар өз ишмердүүлүктөрү  боюнча  маалымат беришүүдө.