ОшТУда тамак-аш жарманкеси уюштурулду

Ош технологиялык университетинде  күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай  “Алтын күз”  аталышында жарманке уюштурулду. Аталган жарманке окуу жайдын Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин “Компьютердик лингвистика” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага  окуу жайдын жалпы жамааты  жана студенттери катышты. Жарманкеде студенттердин колунан жасалган  даамдар,  жер жемиш, мөмө жемиштер арзан баада сатыкка коюлуп, чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.