ОшТУда студенттерге шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош технологиялык университетинде билим алып жатышкан студенттер менен окуу жайдын жетекчилиги жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар турмушуна жаңыдан аралашып жаткан студенттерге өзүн-өзү алып жүрүү иштери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жетекчилик тарабынан жаштардын ар кандай жаман окуяларга аралашпоо, коомдук жайларда эрежелерге ылайык жүрүү, учурда жүз берип жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын-алып, аларга катышпоого аракет кылуулары керектиги айтылды. Ар кандай провакациялык көрүнүштөргө аралашпай, жакшы жүрүм-турум менен сабакты мыкты окуп, улуулардын тарбиялык акыл-насааттарын угууга чакырышты. Ошондой эле, учурдун негизги маселесине айланып жаткан шайлоо өнөктүгүнө студенттерди үгүт иштерине катышпоого жана администрациялык ресурсту колдонууга бардык окуу жайлардын жетекчилерине жол бербөөгө чакырып кетишти. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды. Мындан сырткары медицина кызматкерлери студенттерди эл көп чогулган жерлерге барбоого, ооруу жугузуп алуу коркунучун азайтуу жана өздөрүнүн ден соолугуна кам көрүү керектиги айтылды.