ОшТУда шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча жыйын өттү

Ош технологиялык университетинин жетекчилиги окуу жайдагы факультеттин декандарына, кафедра башчыларына, тарбия иштери боюнча декандын орун басарларына жана окутуучуларга шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча жыйын өткөрдү. Ректордун милдетин аткаруу Жумакадыр Кубатбаевич Матисаков студенттерди шайлоого карата эч кандай үгүт иштерине катыштырбоого, аларды добуш сатып алууда пайдаланууга каршы иш-чараларды өткөрүүгө, бул тууралуу маалыматтарды ар бир тайпаларга, жатакана комендантына жеткирүүгө чакырды. Мыйзамдуулукка каршы келе турган ар бир аракет үчүн окутуучулар дагы, студенттер дагы жооп берип калышын эскертти.