ОшТУда Илим күнү белгиленди

Бүгүн, Ош технологиялык университетинде 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата илимий иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чара ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, т.и.к., доцент Ж.К.Матисаковдун куттуктоо сөзү менен башталып, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин, жогорку окуу жайлардын, илимий мекемелердин өкүлдөрү, илимдин докторлору, профессорлору куттуктоолорун айтышты.  Майрамдык салтанатка республикабыздагы илимий чөйрөнүн адамдары, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, илимпоздор, жаңыдан илимий чөйрөгө аралашып келе жаткан жаштар, студенттер катышышты. Илимий жыйында дүйнөдөгү жана Кыргыз өлкөсүндөгү илимдин өнүгүшү, адамзат жашоосундагы орду, илим изилдөөдөгү болуп жаткан ар кандай маселелер тууралуу илимий баяндамалар окулду.

Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык Кеңеши тарабынан илимге кошкон салымдары үчүн биздин окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык каттар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Илим күнүнө арналган иш-чара ОшТУнун маданий эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Ош технологиялык университетинин жалпы жамааты көптөгөн жылдардан бери кыргыз илиминин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишет. Техника жана технология багытындагы бир канча илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, бир эле биздин өлкөнүн өнүгүшүнө эмес башка чет мамлекеттерде дагы биздин илимий кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн тажрыйбалар колдонулууда. Ош технологиялык университети азыркы учурда эл аралык деңгээлдеги бир топ илимий долбоорлордун катышуучусу катары дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.