ОшТУда Экономика жана башкаруу факультетинин күнү белгиленди

26-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин күнүн белгилөө мааракеси өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чара ОшТУнун ректорунун милдетин  аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, доцент  Жумакадыр Матисаковдун куттуктоо сөзү менен башталып, келген коноктор куттуктоолорун айтышты. Майрамдык салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, факультеттин бүтүрүүчүлөрү, студенттери жана мектеп окуучулары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп жана лицей окуучулары арасында өткөрүлгөн “МЕНИН КЕСИБИМ – МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ!” аттуу дилбаян конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Ош технологиялык университетин бүтүрүп кетишкен бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү күндөгү ийгиликтери үчүн университеттин жамаатынын атынан куттукташты. Ошондой эле, аларга  университет менен тыгыз байланышып, кадр даярдоодо көмөк көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн ыраазылык билдирилди. Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.