ОшТУда cпартакиада болуп өттү

Ош технологиялык университетинде студенттер ортосундагы факультеттер аралык XXII cпартакиадасы болуп өттү. Аталган спорттук иш-чарада спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн окуу жайда билим алып жатышкан студенттердин ортосунда мелдеш өткөрүлөт. Жыл сайын салтка айланган бул мелдешке университетте билим алып жатышкан биринчи жана акыркы курстардын студенттери катыша алат. Келечекте окуу жайдын спорттук мелдештерде намысын коргоочу курама командага тандап алуу – бул спартакиаданын жыйынтыгы менен аныкталат. Мындан сырткары, студенттерди дени-сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо жана студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп эсептелет. Мелдештин жүрүшүн ОшТУнун Дене-тарбиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана “Намыс” спорт клубунун жетекчилиги көзөмөлгө алып, калыстык кылышты. Факультеттин намысын коргогон студенттер өздөрүнүн спортко болгон шык-жөндөмдөрүн көрсөтүшүп, күч сынашышты. Аталган спорттук иш-чаранын жыйынтыгында, биринчи орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, экинчи орунду Архитектура жана курулуш факультети ал эми үчүнчү орунду Кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенттери камсыз кылышты. Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга ардак грамоталар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, келечекте окуу жайдын намысын спорттон коргой турган мыкты спортсмен студенттерге спорттук формалар берилди. Сыйлоо аземдин жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.