ОшТУда “Берекелүү күз” аттуу жарманке өттү

Ош технологиялык университетинде берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай “Берекелүү күз” аталышында түшүм майрамы белгиленди. Аталган саамалык “Ыктыярчы ОшТУ” тобу тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Жарманкеде студенттердин колунан жасалган даамдар, жер-жемиш, мөмө-жемиштер арзан баада сатыкка коюлду. Сатыктан түшкөн каражат кайрымдуулук фондуна жумшалмакчы.