ОшТУ ЖОЖдор менен кызматташуусун улантууда

Ош технологиялык университетинин Энергетика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы Ташкент мамлекеттик техникалык университетинде университеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча жумушчу иш сапарында жүрүшөт. Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жана  жолугушуулар уюштурулду. Кызматташуунун алкагында студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жана 2+2 форматында окуу процессин ишке ашыруу маселелери талкууланды.