ОшТУ  “Жаштар үчүн жаркын келечек” аттуу тренингге катышууда

Бишкек шаарында Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) ишке ашырып жаткан “Жаштар үчүн жаркын келечек” кыргыз-герман долбоорунун алкагында Кыргыз жаштарынын арасында ишке орноштуруу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн спортту колдонуу жана спортту өнүктүрүү максатында тренинг өткөрүлүүдө. Аталган тренинг спорт тармагында иштеген тренерлер үчүн Германия өлкөсүнөн келген тренерлер, Самия Хатиб жана Мориц Янке сабак өтүүдө. Иш-чарага Ош технологиялык университетинин Дене тарбия кафедрасынын окутуучулары катышып, өз тажрыйбаларын өркүндөтүүдө.

Мындан тышкары, тараптар бөлүм аралык кызматташууну, жаштар иштери боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу жана жаштардын арасында жумуштуулук маселелерин талкуулашты.