ОшТУ рахмат айтуу күнүн белгиледи

25-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинин Америка маалымат-ресурстук борбору “Рахмат айтуу күнү” (Thanksgiving Day) майрамын белгилешти. Жыл мезгилдеринин арасынан токчулуктун жышаанын көрсөтүп турган күз мезгили, озүнүн берекелүүлүгү, жаратылышка башкача өң берип, табиятты кулпуртуп турганы менен өзгөчө. Мына ушундай сырларды камтыган учурдун өзгөчөлүгүн белгилеп, окуу жайда жыл сайын аталган борбор тарабынан түрдүү саамалыктар өткөрүлүп келет. Иш-чара Америка маалымат-ресурстук борборунда окуп жаткан студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды. Бул майрамды Америка Кошмо Штаты мамлекеттик майрам катары белгилеп келет. Бул майрам өлкөдө абдан популярдуу майрамдардын бири болуп саналат.