ОшТУ Новосибирск мамлекеттик университети менен келишим түзүүдө

Ош технологиялык университети Россия Федерациясынын университеттери менен кызматташууну кеңейтүүдө. Университетке Россия Федерациясынын Новосибирск мамлекеттик университетинин окутуучулары Савинский Илья Александрович жана Митеев Евгений Игоревич окуу жайга жумушчу сапары менен келип, “Пайдалуу кендердин геологиясы” кафедрасынын эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, окутуучулар жана студенттер арасында академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдерди түзүү маселелери сүйлөшүлдү.