ОшТУ ФерПИ менен мелдешет

Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институту ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн мелдеш өткөрүлөт. Аталган институттун өкүлдөрү окуу жайга келип, университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы ынтымактыкты чыңдоо, жаштарды дени сак жашоого  чакыруу жана коңшу мамлекеттер менен достук мамиледе болуу максатында уюштурулууда.