ОшТУ ФерПИ менен кызматташууда

Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери  Фергана политехникалык институтуна окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча барып, окуу жай менен кенен таанышып келишти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, академиялык мобилдүүлүк, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу, студенттик фестивалдарды, спорттук иш чараларды өткөрүү боюнча маселелери талкууланды. Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташууда.