ОшТУ Фергана политехникалык институту менен кызматташууда

Ош технологиялык университетинин  профессордук-окутуучулар курамы: Табигый-техникалык факультетинин деканы Саримсаков Адилкан Азимжанович, “Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары” кафедрасынын башчысы Мойдунов Тайрь Толонович, техника илимдеринин кандидаты, доцент Сопубеков Нематилла Абдилахатович Фергана политехникалык институтунда окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча жумушчу иш сапары менен барып, окуу жай менен кенен таанышып келишти. Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жана  жолугушуулар уюштурулуп, институттун студенттери үчүн конок лекциялар окулду. Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташууда.