ОшТУ Фергана политехникалык институту менен кызматташуу келишимине кол койду

Ош технологиялык университетине Фергана политехникалык институтунун өкүлдөрү келип, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Жолугушууда бир канча эки тараптуу келишимдер түзүлдү. Кызматташуунун алкагында студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү,  окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу менен бирге тажрыйба алмашуусу, Эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү жана документтердеги жумуштардын эки тараптуу аткарылышын ишке ашыруу багыттары талкууланды. Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.