Эдуард Кубатов ОшТУда

2021-жылы жаз айларында кыргыз желеги Эверест тоосунун эң бийик жеринде желбиреди. Кыргыз элинин дагы бир чыгаан уулу Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти кыргыздардан алгачкы болуп багындырды. Бийиктиги 8848,8 метр болгон бул чокуну багынтуу 23-май күнү саат 8:35те ишке ашырылган. Кыргыз желегин дагы бир жолу дүйнө жүзүнө тааныткан каарманыбыз бүгүн Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Улуу тоонун туу чокусуна жетип, эмгегин өз элине арнаган патриот инсан менен жолугушууга келген студенттердин саны арбын болду. Эдуард мырза Эверест чокусун багындырууга жети жыл бою бир дагы машыгууну калтырбаганын айтып, жаштарды кандайдыр бир максатка жетүүдө эч качан орто жолдон таштап койбой аягына чейин баруу керектигине чакырды. Ошондой эле ал өзүнүн улуу тоонун чокусунда туруп алып, Кыргызстандын желегин кармап, эмгегин элине арнап жаткандагы сезимдер эч качан, эч жерде кездешпеген, сөз менен айтып түшүндүрө алгыс, бийик сезимдер экендигин белгиледи. Кандайдыр бир ийгиликке жетиш үчүн сөзсүз эле акчасы көп бай болуштун, сөзсүз эле сөзү өтө турган бир таасирдүү адам болуштун, же бирөөлөр тарабынан дайындалыштын кереги жоктугун, болгону, адамдын өзүнө болгон ишенимдин күчтүүлүгү жана тынымсыз аракет болуш керек экендигин айтты. Студенттер Эдуард Жумакадыровичтен өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты. Көпчүлүк студенттер патриот мырзанын жасаган эрдигине суктануу менен мындан аркы иштерине ийгилик каалап жатышты. Дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган кыргыз алпинисти ушул экспедиция Эверест темасынын акыркысы болорун белгилеп өттү.