17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен кызуу куттуктайбыз!!!

Урматтуу Ош технологиялык университетинин студенттери! Студент жаштар жалпыңыздарды бүгүнкү 17-ноябрь эл аралык студенттердин күнү менен өзүмдүн  жана профессордук- окутуучулар жамаатынын атынан чын дилден куттуктайм!

Кымбаттуу студенттер сиздер жогорку билимди Муса Мырзапаязович Адышевдин ысымын алып жүргөн биздин куттуу окуу жайыбыз болгон Ош технологиялык университетин тандап, биздин окутуучуларыбызга терең ишеним артып келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирмекчимин.

Студенттик кез бул өмүрдүн жазы, иштесең ишке, ырдасаң ырга тойбогон керемет учур! Сиздерге бекем ден соолук,  окууларыңыздарга   ийгилик, достук, жана ынтымакчылык каалайбыз!

Сиздерди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректорунун милдетин  аткаруучу Жумакадыр Матисаков