ОшТУнун Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

19-октябрь – социалдык кызматкерлердин күнүнө карата Ош технологиялык университетинин Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан “Биз биргеликте күчтүүбүз” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Кафедра башчысы Жамал Кедейбаеванын демилгеси жана Сантерра Юг фонду менен биргеликте уюштурулган бул иш-чарада кафедра жамааты шаардагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 12-атайын мектепке барышып, балдарга майрамдык маанай тартуулашты. Балдарды кинотеатрларга алып барышып кызыктуу кинолорду көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти, шаардагы эс алуучу паркка алып барышып эс алдырышты.     

 


Асылзат Эргешова