ОшТУнун Өзгөндөгү институтунда COVID-19ду алдын-алуу иштери уланууда

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жугуштуу ооруларды алдын-алуу бөлүмүнүн башчысы врач Т.Кожошев жана эпидемолог К.Тойчиев, Өзгөн райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун терапевт врачы А.Турсунова жана медайым М.Кыдыргычева студенттерге жугуштуу оору COVID-19 жана анын азыркы учурдагы кездешип жаткан түрлөрүнө кеңири токтолуп, бул ооруга каршы күрөшүүдө кандай чараларды пайдалануу менен өзүн жана үй-бүлөсүн, жолдошторун сактап калуунун жол жоболору боюнча лекция жасашты жана мастер-класс өтүштү. Анда колду кантип жуушту, антисептикти жана бет капты кандай пайдалануунун натыйжалуу жолдорун практика жүзүндө көрсөтүп берүү менен студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришти.

Маалымат үчүн, институттун кызматкерлери 98%, 18 жашка толгон студенттери 94% COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн.

#ЭмдөөСактайт

#ЭмдөөКерек

#БиргеЖеңебиз

#Вакцинация