ОшТУда XXII cпартакиада болуп өттү

Ош технологиялык университетинде эки жумага созулган студенттердин биринчи курстар аралык XXII cпартакиадасы жыйынтыкталды. Аталган спорттук иш-чарада спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн биринчи курстардын ортосунда мелдеш өткөрүлөт. Жыл сайын салтка айланган бул мелдешке университетке жаңы келген биринчи курстардын гана студенттери катыша алат. Келечекте окуу жайдын спорттук мелдештерде намысын коргоочу курама командага тандап алуу – бул спартакиаданын жыйынтыгы менен аныкталат. Мындан сырткары, студенттерди дени-сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо жана студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп эсептелет. Мелдештин жүрүшүн ОшТУнун Дене-тарбиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана “Намыс” спорт клубунун жетекчилиги көзөмөлгө алып, калыстык кылышты. Факультеттин намысын коргогон студенттер өздөрүнүн спортко болгон шык-жөндөмдөрүн көрсөтүшүп эки жума бою күч сынашышты. Жыйынтыгында биринчи орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, экинчи орунду Кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультети, ал эми үчүнчү орунду гуманитардык-технологиялык колледждин студенттери камсыз кылышты. Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга ардак грамоталар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, келечекте окуу жайдын намысын спорттон коргой турган мыкты спортсмен студенттерге спорттук формалар берилди.

 

 

Синхрон – Исманов Санжарбек Кудайбердиевич Дене тарбия кафедрасынын башчысы

Синхрон – Авазбек уулу Акбуура – Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» кафедрасынын окутуучусу