ОшТУда социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

19-октябрь социалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош технологиялык университетинде майрамдык салтанат болуп өттү.

Аталган саамалык окуу жайдын гуманитардык-технологиялык колледжинин “Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер” кафедрасы тарабынан даярдалып, окуу жайдын жетекчилик  жамааты, окутуучулар жана студенттер катышышты. Бул менен бирге Ош шаарынын жаштар комитетинин өкүлдөрү келип, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен иш чаранын журүшүнө күбө болушту. Андан соң “Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер” кафедрасынын кызматкерлерине Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылып, шаардагы “Боорукердик” үйүнүн жашоочуларына майрамдык маанай тартууланды. Балдар үчүн белгилүү эстрада ырчыларынын коштоосунда атайын концерттик программа жана сый тамак уюштурулду.

Окуу жай жыл сайын шаардагы “Боорукердик үйү”, “Алтын уя” балдар үйү, “Бүчүр” реаблитациялык борбору жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тиешелүү болгон жардамдарын берип келишет.