ОшТУда социалдык кызматкерлер  күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин “Бизнести башкаруу жана социалдык иш” кафедрасынын башчысы Кедейбаева Жамал Арстаналиевнанын демилгеси менен Ош шаарындагы 12-атайын балдардын реаблитациялык мектебинин балдары үчүн кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Кайрымдуулук иш-чарага улай эле окуу жайдын жыйындар залында социалдык кызматкерлердин бүгүнкү күндөгү ар кандай маселелерине арналган тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш-чарага университет жетекчилиги, кафедра башчылары, шаардагы коомдук фонддордун өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери жана бул багытта билим алып жатышкан студенттер катышты. Учурдагы коомдогу болуп жаткан ар кандай коомдук-социалдык көрүнүштөрдөн улам пайда болуп жаткан социалдык маселелер, аларды чечүүнүн жолдору, социалдык коргоого муктаж болгондорго учур талабына кам күрөө тууралуу маселелер козголду.