ОШТУДА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Октябрдын алгачкы аптасы –  билим берүү кызматкерлеринин күнү. Бул майрамдын урматына Ош технологиялык университетинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанат уюштурулуп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Салтанатты ОшТУнун ректорунун м.а. Жумакадыр Матисаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшТУнун жана Бириккен профсоюз комитетинин ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.