ОшТУда корей тили боюнча чечендик өнөрдү өнүктүрүү максатында иш-чара өткөрүлдү

8-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде корей тилин өздөштүрүп жаткан студенттердин жана окуучулардын арасында корей тилинде чечендик өнөрдү өнүктүрүү боюнча конкурс болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин Сежонг Хагдан корей тили окутуу борборунун жана Ош мамлекеттик университетинин корей тилин окутуу борборунун билим алуучулары катышты. Корея мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза аталган иш-чарага катышып, өз кезегинде уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Корей тилин үйрөнүүнү каалагандардын ортосунда өткөрүлгөн бул сынак корей тилин жана маданиятын тереңдетип үйрөнүүгө багыт берет. Жыл сайын өткөрүлүп жаткан сынак бул жылы дагы өз деңгээлинде уюштурулуп, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.

 

Асылзат Эргешова