ОШТУДА КАРЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ош технологиялык университетинин профсоюз комитети жана жетекчилиги “Карылар күнүн” белгиледи. “Карысы бардын ырысы бар”- деп айтылгандай майрамга окуу жайда көптөн бери иштеп, эмгеги сиңген ардактуу карылар чакырылды. Акыл сөздөрүн айтып, ак жол көрсөтүп, алга сүрөгөн аксакал мугалимдерибизге сый тамак, акчалай колдоо жана жаштар тарабынан майрамдык маанайдагы концерт тартууланды.

Ардагерлерибиз университеттин өнүгүү жолунда бара жатканын айтып, окуу жайдын жамаатына ыраазычылыгын билдирип, батасын беришти.

P.S. Жылдагыдай эле карылар күнүнө карата окуу жайдын администрациясы, профсоюз комитети тарабынан ардагерлерибизге ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт.