ОшТУ Казань федералдык университети менен кызматташат

ьОш технологиялык университети Россиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуусун улантууда Казан федералдык университетинин Экономика жана финансы институтунун директору, профессор Н.Г.Багаутдинова, Экономика жана финансы институтунун эл аралык иштер боюнча директорунун орун басары, доцент Оксана Полякова, Кесиптик жумуш жана жумуш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү борборунун башчысы, доцент Уленгов Руслан Анатольевич окуу жайга жумушчу иш сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Алгач келген өкүлдөр ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Жумакадыр Матисаковдун кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлуп, бир канча эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү.  Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.