ОшТУ Батыш Богемия университети менен келишим түзүүдө

Ош технологиялык университетинин “Физика жана энергетикалык машина куруу” кафедрасы менен Чехия Республикасындагы  Батыш Богемия университетинин (University of  west Bogemia ) ортосунда илимий изилдөө, окутуучулар жана студенттер арасында академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдерди түзүү маселелери сүйлөшүлдү. Батыш Богемия университетинин өкүлү, профессор Павел Варека окуу жайга жумушчу сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланды.