Марс Ибраев ОшТУда

Ош технологиялык университетинде Марс Ибраев конокто болуп, студенттер менен жолугушту. Аталган иш чара Ошто болуп жаткан “Ислам – тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Ош шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурулду.

Иш чарада лектор М.Ибраев жаштарды өнүгүүгө багыттаган мыкты ой-пикирлери менен бөлүшүп, Ислам дининин нукура маани маңызы, өлкөбүздөгү абалы, жаштардын туура эмес агымдарга барып жатканынын себептери, илим-билим алуудагы ыймандын, диндин орду ж.б. биртоп маселелер боюнча кеңири токтолду.

Ошондой эле катышуучулардын бир топ суроолоруна да жооп берди.