“КАРЫСЫ БАРДЫН, ЫРЫСЫ БАР”!

Ош технологиялык университетинин  академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун аксакалдар кеңешинин демилгеси менен окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип жаткан аксакал агай-эжекелер жана кызматкерлер арасында спорттун тогуз коргоол жана шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Байгелүү орунду жеңип алгандар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты жана аларга сый тамак уюштурулду.