Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук иш-чара уюштурулду

Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Ош технологиялык университетинде кырк жаштан жогорку аялдар арасында волейбол мелдеши өткөрүлдү. Мында Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларында эмгектенген кырк жаштан жогорку аялдар катышты. Бул спорттук иш-чаранын негизги максаты, жогорку окуу жайлар аралык ынтымакты, достукту жана биримдикти чыңдоо болуп саналат. Ошол эле учурда адамдарды дени-сак жашоого чакыруу, өз өмүрлөрү үчүн ден-соолугун чыңдап, мыкты жашоо образын түзүүгө чакыруу. Мелдешке катышкан республикабыздын түштүк аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын арасынан биринчи орунду Ош технологиялык университетинин командасы, экинчи орунду Ош мамлекеттик университетинин командасы, ал эми үчүнчү орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командалары камсыз кылышты. Жеңүүчүлөр ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.