Жаңы окуу жылы башталды

Бүгүн Ош технологиялык университетинде билим күнү белгиленип, майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, курам башчылары, окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты. Майрамдык иш-чара ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Ж.К.Матисаковдун куттуктоо сөзү менен башталды.

“Урматтуу эже-агайлар, ата-энелер жана студенттер. Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен куттуктайм жана өзгөчө 1-курстун студенттерине, алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирем. Анткени сиздер жогорку билимди Муса Мырзапаязович Адышевдин ысымын алып жүргөн биздин куттуу окуу жайыбыз болгон Ош технологиялык университетин тандап, биздин окутуучуларыбызга терең ишеним артып келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирмекчимин. Ал эми жаңы окуу жылында университетибизде жаңы жетишкендиктер жана ийгиликтер көп болсун”, – деди ал.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери, “Оригинал” курама командасы жана белгилүү эстрада ырчылары тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.