Түрк Кеңешинин жаш лидерлери ОшТУда

Бүгүн Түрк Кеңешинин Жаш лидерлери Ош технологиялык университетине келип, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Алгач келген өкүлдөр окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 70тен ашык жаш делегаттар катышты.

Иш-чаранын максаты-региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат.