ОшТУнун студенттери стипендия ээлери болушту

15-сентябрь күнү Ош технологиялык университетинин студенттерине стипендия тапшыруу аземи болуп өттү. Бул азем ар жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы Билим күнү 15-сентябрга белгиленгендигине байланыштуу жаңы окуу жылында студенттерге дем, күч, мотивация берүү жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду.

Аталган иш-чара ОшТУнун корей тил мугалими Лим Ён Шиг тарабынан уюштурулуп, ал бул жылы аталган университеттин жалпы 24 студентине стипендия тапшырды. Иш-чарага ОшТУнун ректорунун м.а. Ж.К.Матисаков, Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык билим берүү программалары институтунун директору К.Т.Мансуров катышышты.

Стипендия ар жылы ОшТУдагы Сежон корей тил борборунда корей тилин үйрөнүп, мектепти аяктагандан соң ОшТУга тапшырган 1-курстун студенттерине жана ошондой эле корей тили боюнча TOPIK экзаменинен жакшы жыйынтыктарга жетишкен студенттерге тапшырылып келет.

Быйылкы жылы 24 студентке жалпы 179 000 сом (2118$) өлчөмүндө стипендия берилди.

Эскерте кетсек, профессор Лим Ён Шиг мындан сырткары да бир нече программалар боюнча ар жыл сайын ОшТУнун студенттерине колдоо көрсөтүп келет.