ОшТУга Өзбекстандын элчилиги келди

Ош технологиялык университетине Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин 1-секретары (консулу) жана элчиликтин өкүлдөрү келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Келген өкүлдөр окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, бир канча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан ары да эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде билим берүү программасын өнүктүрүүнү күчөтүү максатындагы бир нече маселелер айтылды. Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандан келип, окуп жаткан студенттердин көйгөйлүү маселелери талкууланды.