ОШТУДА ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

26-сентябрда Ош технологиялык университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Окумуштуулар кеңешинин курамы толук катышты.

Анда 2021-2022 окуу жылындагы иш планын бекитүү боюнча маселелер каралып, курамдын мүчөлөрүнүн колдоосу менен иш план бекитилди.

Ошондой эле күн тартибиндеги негизги маселелерге да көңүл бурулуп, университетте эмгектенген айрым кызматкерлерди “И. Арабаев атындагы КМУнун Эмгек сиңирген ишмери” наамына, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине сунуштоо боюнча маселелер каралды. Жыйынды аталган органдын төрагасы, КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов алып барды.

Соңунда ректорат окуу жайда эмгектенген айрым окутуучуларга жана кызматкерлерге университеттин жана министрликтин ардак грамоталарын, төш белгилерин, Бишкек шаардык мэриясынын жана Биринчи май райондук администрациясынын ардак грамоталарын тапшырды. Эске салсак, пандемия учурунда онлайн окутууну жакшы уюштурган факультет декандары жана мугалимдер аталган кызматтардын сыйлыктарына ээ болушкан.

КҮН ТАРТИБИ:

1. Ош технологиялык университетинин 2021-2022-о.ж. үчүн окумуштуу кеңешинин жыйындарынын планын талкуулоо жана бекитүү (Матисаков Ж. К.)

2. Ош технологиялык университетинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2021-2022-о.ж. боюнча иш пландарын талкуулоо жана бекитүү (Болушев Э.М.)

2а. үчүн Ош технологиялык университетинин факультеттеринин 2021-2022 -о.ж-на иш пландарын бекитүү (Болушев Э.М.)

3. Доцент окумуштуу наамын ыйгарууга көрсөтүү (Артыков А.Ж.)

4.Ар түрдүү маселелер