ОшТУда мамлекеттик тил майрамы белгиленди

23-сентябрь–Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 32 жылдыгына карата Ош технологиялык университетинде чоң программадагы салтанат уюштурулду. Бул иш-чара Кыргыз жана орус тилдер кафедрасы тарабынан окуу жайдагы мамлекеттик тилдин ѳнүгүшүн жана ага салым кошкондорду белгилѳѳ, студент-жаштарды кыргыз тилинде так сүйлѳѳгѳ үгүттѳѳ, алардын маданий эс алуусун уюштуруу максатында өткөрүлдү.

Кечеде кыргыз тилинин Гимни ырдалып, кыргыздын улуттук бийи бийленип, кеченин катышуучуларынын ар биринин акыл –эсине сиңип, жүрөгүнөн түнөк тапкан кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалаган керемет ырлар, сахналык көрүнүштөр менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды.

Майрамдык салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттери катышышты. Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон окутуучуларга ОшТУнун Ардак грамоталары тапшырылды. Ош шаардык мэриясынын атынан Кыргыз жана орус тилдер кафедрасына заманбап үлгүдөгү сыналгы тапшырылды.