“ЭНЕ – БАЛА – МУГАЛИМ” БАЙЛАНЫШЫ

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.К.Касымалиеванын демилгеси менен жаш өспүрүм баланын сапаттуу билим алуусуна, келечекте жакшы тарбиялануусуна багытталган “Эне-бала-мугалим” байланышы боюнча Өзгөн аялдар коомунун презентациясы болуп өттү.

Бул саамалыкка КРнын Жогорку Кеңештин вице-спикери А.К.Касымалиева, Өзгөн районунун жигердүү демилгечи айымдары жана Борбор Азиядагы Аялдар Лигасынын (Женская Лига Центральной Азии) төрайымы жана курамы, Өзгөн районундагы демилгечи активдүү айымдар жана институттун аялдар кеңеши катышты.