Диний экстремизмди жана терроризмди алдын-алуу боюнча иш чара болуп өттү

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда диний экстремизм жана терроризм, аларды алдын-алуу туурасында иш чара өттү.

Бул жолку жолугушууда – Өзгөн РИИБнин ЭММКА кызматынын начальниги милициянын подполковниги У.Камбаров жана аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Э.Байтиков, милициянын ага лейтенанты А. Умаров, милициянын лейтенанты З.Ч. Чынгызов, милциянын аймактык инспектору милициянын лейтенанты Н.Турдали уулу, райондун имам хатибинин орун басары Ж.Арстанбек уулу, Өзгөн шаарындагы Шоро-Базар мечитинин имамы студенттерге диний экстремизм жана терроризм, аларды алдын алуу боюнча кызыктуу баяндамаларды жасап, студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришти. Мындай жолугушуулар мындан нары да улана берүүсүн коноктор айта өтүштү.