Өзгөн институтунда эл аралык конференция

Бүгүн кыргыз жана жалпы эле түрк тарыхына, маданиятына, цивилизациясына эбегейсиз таасирин тийгизген, нечендеген кылымдарды карыткан байыркы Өзгөн шаарындагы ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Маданият Мунарасы” долбоорунун алкагында “Тарыхый жана агроэкотуризм туруктуу өсүү жолунда: стратегиялар жана өнүгүү демилгелелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.К.Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаттары, КРынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Б.Мурзубраимов, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин өкүлдөрү, ТюркПАнын өкүлдөрү, Евразия жазуучулар союзунун жетекчилиги жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ОшТУнун, ОшМУнун, ОшМПУ, ЖаМУнун илимпоз окумуштуулары офлайн режиминде, ал эми бир канча өлкөдөн онлайн режиминде (Түркия, Иран, Азербайжан, Малайзия ж.б.) илимпоздор катышышты.

Конференциянын айрым материалдары жыйнак болуп жарык көрдү жана маалымат каражаттарында жарыяланды.

Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Репсубликасынын Жогорку Кеңеши, КРнын Улуттук илимдер академиясы, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, CWARice эл аралык уюму, “Инсан” коомдук фонду жана ОшТУнун академик Б.Мурузбраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.