“Жоголот биздин келечек, Эгерде мээрим бербесек!”

Ош технологиялык университетинин “Ыктыярчы ОшТУ” тобу 1-июнь “Балдарды коргоо” күнүнө карата “Алтын уя” жана “Лотос” балдар үйүндөгү балдарды бир күндүк лагерге алып чыгышты. Биздин студенттер балдарды зоопаркка, кинотеатрга, эс алуу багына алып барып, жаш балдардын көңүлүн ачып ойнотушту. Ошондой эле, бул саамалыкка колдоо көрсөткөн зоопарктын жана “Нур” кинотеатрынын жетекчилигине ыраазычылык баракча тапшырылды.

“Алтын уя” балдар үйүнүн тарбиячысы Тамара эжеке “Ыктыярчы ОшТУ” тобуна ыразычылыгын билдирди.

Мекен үчүн салым кошту “Ыктыярчы ОшТУ”

#ОшТУ#Адышев