ОшТУда бүтүрүүчүлөр менен коштошуу аземи өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин бакалавр багытынын бүтүрүүчүлөрүнө сый-урмат көрсөтүлүп, “Акыркы конгуроо-2021” аземи уюштурулду. Аземге факультеттин жетекчилиги, окутуучулары, студенттер, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр активдүү катышышты.
Салтанаттуу аземди ачып берип жатып Жорокулов  Дуйшеналы  Абдимаматович бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, өзүнүн кайрылуусун жасады.

Ошондой эле, факультеттин алдыңкы студенттери ОшТУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Салтанатта бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, мыкты бүтүрүүчүлөр да өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан агай-эжекелерине, окуу жайдын жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту. Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн урматына концерттик программалар тартууланды.