ОшТУ Москва политехникалык университети менен кызматташат

Ош технологиялык университети Россиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуусун улантууда. Москва политехникалык университетинин өкүлдөрү окуу жайга жумушчу сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Алгач келген өкүлдөр ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, ОшТУнун профессору Жумакадыр Матисаковдун кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлуп, бир канча эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү.  Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.