ОшТУ Баткендиктерге психологиялык жардам көрсөтүүдө

Ош технологиялык университетинин “Кесипке билим берүүнүн технологиясы” кафедрасынын доценти Машиев Медетбек Айтмаматович Баткен окуясына байланыштуу, жабырлануучуларга психологиялык жардам берүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен жөнөп кетти.

Учурда башка жогорку окуу жайларынын психолог-окутуучулары менен биргеликте психологиялык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү аялдардын, балдардын психоэмоционалдык абалын баалап, тиешелүү психологиялык жардамдарды көрсөтүшүүдө.