Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев ОшТУда

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Алайчиев Бактыбек Болбурович жана Ош технологиялык университетинин жетекчилигинин, окутуучуларынын катышуусуунда маданий-гуманитардык, илим, билим берүү жана дене тарбияны өнүктүрүү ишмердигин жайылтуу маселелерине арналган талкуу болуп өттү. Аталган талкууда катышуучулар тарабынан ар түрдүү ой-пикирлер айтылып, ачык талкуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Каныбек Осмоналиев окуу жай менен кенен таанышып чыкты.