БИРИМДИК ЖАНА ИЙГИЛИК!

Ысык-Көлдө билим берүү кызматкерлери арасында “Ден соолук-2021” аттуу спартакиада өтүүдө. Аталган мелдешке Ош технологиялык университетинин мугалимдери катышып, ОшТУнун намысын коргоп жатышат.Спартакиадада республиканын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан спортчулар катышууда. Спорттук иш-чара айымдар жана эркектер арасында 3 жаш категориясында, футбол, волейбол, стритбол, үстөл тенниси, шахмат, ордо жана тогуз коргоол боюнча өтүп жатат. Спартакиада 27-июнга чейин уланат.

#ОшТУ_АЛГА
#ОшТУ_Ийгилик
#ОшТУ